Кой-Таш окуясы: Самат Курманкулов бүгүн Кыргызстанга учуп келет

  Мезгил

Кой-Таш окуясында ден соолугунан жабыркаган Самат Курманкулов бүгүн Кыргызстанга учуп келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.  

Маалым болгондой, Самат Курманкулов дарыланган Россиядагы клиника коронавирус менен күрөшкө тартылып, обсервацияга айланат.

Ал бүгүн Екатеринбург аркылу учуп келет. Дарылануусун Кыргызстанда улантат.

Эскерте кетсек,  Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда башынан катуу жаракат алган. Адегенде Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Кийин 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган.

 Ал Кыргыз милициясынын 95 жылдыгынын урматына Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *