Кой-Таш: Жалпысынан 45 адам жабыркап, бир жоокер каза болду

   Мезгил

Кечээ, экс-президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы  үйүндө аны кармоо операциясы маалында жалпысынан 45 адам жараланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, алар  Бишкек шаарындагы бейтапканаларга жана Чүй облустук ооруканасына жеткирилди.  Алгандардын арасында күч түзүмдөрүнүн 15тен ашуун өкүлү бар. Алардын бири 22 жаштагы жоокер  ооруканадан каза болду. Каза тапкан жоокер Атамбаевдин тарапташтары   аткан снайпердик винтовкадан ок жеши ыктымал.

 Улуттук коопсуздук комитети экс-президентти колго түшүрүү боюнча кечээки атайын операциянын жүрүшүндө жактоочуларга карата бир гана желим октор колдонулганын айтты.

 Белгилей кетсек, кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүргөн. Бирок, Атамбаевдин тарапташтары аны алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *