Кой-Ташта болбогон Бекназаров неге ИИМге 2 саат сурак берет?

   Мезгил

Кылымдын иши кейиптенген Атамбаевдин иши боюнча Азимбек Бекназаровду ИИМ суракка чакырыптыр. Азикебиз ИИМге саат 16да кирип кеткен болсо 18ден өткөндө гана кайра чыккан. Кызык жери Бекназаров 7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевдин жанында болбосо, же кечинде жаштар менен көчөгө чыкпаган болсо, анда неге чакырышат?

Азимбек Бекназаров буга чейин Атамбаевди сындап келген. Саясатта өз көз карашы бар, позициясы калыптанган саясатчы. Анын жылдызы президент Аскар Акаевдин тушунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыгуудан улам жана баштаган. Кийин «Жоогазын революциясында» бийликке аралашкан.

Анан калса, Азимбек Бекназаровду суракка чакыруу боюнча ИИМдин басма сөз кызматы  коомчулукка эч кандай маалымат берген жок. Мындан улам кимдир-бирөөлөр Бекназаровдун эл арасындагы кадыр-баркынан чоочулап, тымызын каралагысы келип жатабы деген ой келет экен… 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *