Кой-Ташта каза болгон Полковниктин артында төрт баласы жетим калды

Мезгил

Кечээ 7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү боюнча атайын операцияны жетектеп жаткан учурда ок жеп каза болгон Подполковник Үсөнбек Ниязбеков 1972-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел-Өрүк айылында төрөлгөн.

Ал Ош технологиялык университеттин бүтүп, 2000-жылы Оштогу “Альфа” атайын багыттагы аскердик бөлүмүнүн командири болуп иштеп келген. Ниязбеков быйыл февраль айында УКМКнын начальнигинин орун басары болуп дайындалган.

Ниязбеков “Эрдик” белгиси, жана мамлекеттик бир катар сыйлыктары менен сыйланган.

Маркум Подполковниктин артында  аялы жана төрт баласы калды. Көзү тирүү болгондо, сентябрь айында  дагы Улутук коопсуздук органдарынын аскердик наамын алмак. 

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *