Кой-Ташта каза болгон Үсөнбек Ниязбековго айкел тургузулду

  Мезгил

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековго көрүстөндө айкел тургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Өкмөттүн аппаратынын, УКМКнын жетекчилигинин өкүлдөрү жана ардагерлери, ошондой эле маркумдун туугандары, жакындары катышты.

«Иш-чарада сөз сүйлөгөндөр Низбеков жөнөкөй жана шайыр адам болгонун белгилешти. Ал ак көңүл, боорукер жана сүйүктүү ата катары эсибизде калды. Кыйышпас дос жана мекендин чыныгы уулу өзүнүн кызматтык милдетин акырына чейин аткарды. Ниязбеков эрдик жасап, жашоо менен коштошту, бирок ал дайыма биздин арабызда», – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, полковник Үсөнбек Ниязбеков 2019-жылдын 7-августунда А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү учурунда каза болгон.

Ү.Ниязбеков Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел-Өрүк айылында 1972-жылы туулган. Оштогу техникалык университетти бүтүргөн. 2000-жылдан тартып КР УКМК органында кызмат өтөп келген.

Өзүнүн кызмат кылган учурунда ал мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон.

Үсөнбек Ниязбеков каза болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *