Жогорку Кеңеште Ирина Карамушкина менен Аида Касымалиева кайым айтышты

Мезгил

Бүгүн 10-октябрда  Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина менен вице-спикер Аида Касымалиева   кайым айтышты.

  “Биз эмне деген өлкөдө жашап жатабыз эки ай мурун менин телефонумду тартып алышкан. Кечээ Асел Кодуранова үй камагына алынып жада калса интернет колдонгонго да тыюу салды.  Менин мандатым жана кайрылуу укугум бар. Андыктан мен түздөн-түз президентке мурдагыдай партиялаш,   катары эмес, өлкөнүн президенти катары кайрылам. Биз аудиенцияны талап кылабыз, бизди кабыл алыңыз, көзүбүзгө тик карап туруп мамлекетте эмне болуп жатканын айтыңыз. Мамлекетти өнүктүрөм десеңиз, колду басым кылуучу рычагдарда эмес, башкаруу пультунда кармаш керек”, — деди  Карамушкина.

 Ал ортодо вице-спикер Аида Касымалиева сиз телефонуңузду тартырып жатсаңыз, Кой- Ташта адам өмүрү кыйылган деди.

“Эгер Кой-Таштагы окуядан кийин сиздин телефонуңузду тартып алса, Өктөм эженин баласы өлдү. Неберелери атасыз калды. Самат Курманкулов эми өзүнө келип жатат. Баарыбыз тең адам өлтүргөндөр, барымтага алгандар же адам өлтүрүүгө аракет кылгандар кимдер экенинин так аныкталышына кызыкдарбыз”, — деди ал.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *