Кой-Таштагы ийгиликсиз операция күч органдарынын жетекчилеринин шалаакылыгы

Мезгил

 Кечөө Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн операция ийгиликсиз болду. Бул үчүн аны уюштурган жетекчилер түздөн-түз күнөөлүү жана жоопко тартылышы керек. Анын кесепетинен мекен үчүн кызмат кылган, мекен үчүн жанын берүүгө даяр болгон, операцияны жетектеген бир азамат жигитибизден айрылдык. Чүй ОИИБнын жетекчиси Самат Курманкуловдун башына таш тийип, комада жатат. Албетте окуядан жабыркаган катардагы жарандардын саны көп.

Кыргыздын күч органдарынын буга чейин террорист-рецидивисттерди, кылмышкерлерди кармоо же митинг учурунда жүргүзгөн операциялары көп эле ийгилик алып келе бербегендигин билебиз. Операцияны уюштуруу боюнча тажрыйбалары, уюшкандыктары жок. Анткени аскер жетекчилери болуп – кагаздагы генералдар, полковниктер, жан сакчыдан ИИМ, УКМКга секирип карьера жасаган сүйгүнчүктөр, таеке-жээндер иштеп калган. Күч структурасын так түбү менен реформалоо керек.

Бизде азамат баатырларыбыз, эр жүрөк балбандарыбыз көп. Кыргыз эли баатыр эл. Бирок күч органдарында жетекчилик кызматтарда иштеген, операцияларды жетектегендер көп учурда балык эмес же эт эмес, камыр эмес же нан эмес экендигин көрсөтүп келишет.

Эгерде мындай көрүнүштөр улана берсе кыргыз армиясына кызмат кылгысы келген азаматтардын саны азайып, аскерде жалаң кыздар кызмат кылып калышы мүмкүн. УКМКнын штурм жасай турган «Альфа» сыяктуу атайын бөлүмдөрүндө чет жактан келген жалданма аскерлер кызмат өтөөрүн бөркүңүздөй эле көрүңуз. Албетте эгер ушундай көрүнүш менен жолубузду дагы улай турган болсок.

Кой-Таштагы ийгиликсиз операция кыргыз күч органдарын дүйнөгө уят кылды. Эгерде Опумбаевдин же Жунушалиевдин колунан операцияны ишке ашыруу келбесе анда Атамбаевдин бутуна чөгөлөп, ага көчмө тергөөчүлөрдү алпарып, кат жүзүндө сурак алдырса болмок. Эгерде колдорунан келбесе бул чалажан жасалган операцияны баштабай эле койсо болмок. Мунусу менен өлкө башчысынын, жалпы күч органдарынын аброюна шек келтиришти. Ал жерде барымтада калган жоокерлердин жүзү ачылып, интернет аркылуу элге тарады. Алардын мындан аркы карьерасына балта чабылды, ден соолугуна да. Алар буйрук аткарган, жөнөкөй эмес, атайын даярдалган аскер кызматкерлери болчу.

Деги эле операциянын жүрүшү Атамбаевге «Адам өлтүрүү» сыяктуу оор кылмыш беренелерин тагуу үчүн атайын уюштурулган сыяктуу көрүнүп калды. Же операция болорун күч курамдарындагы саткындар алдын ала сатып коюштубу? Бул тууралуу саясий куугунтук жегендер кайрылуусунда айтып чыгышты эле. Канткен менен күч органдары ишти ырбатып алышты. Бул шалаакылыктары үчүн сөзсүз түрдө жооп бериши керек.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *