Кой-Таштагы кагылышуудан каза тапкан Үсөн Ниязбековдун үй бүлөсүнө жардам берилет

Мезгил

Кой-Таштагы кагылышуудан каза болгон «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун үй-бүлөсүнө УКМК жардам берет. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.

Анын айтымында Үсөн Ниязбековго атайын кызматтын “полковник” наамы берилет. Ошондой эле үй-бүлөсүнө мыйзам боюнча жөлөк пул төлөнүп берилерин кошумчалады УКМКнын төрагасы.

Үсөн Ниязбековдун артында жубайы жана 4 баласы калды.

Эске салсак, 7-авгус күнү мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясында УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза таап, 136 адам жаракат алган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *