Кой-Таштагы кагылышуудан ок жеген күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин тизмеси

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында 7-август күнү Кой-Таштагы кагылышуудан “Альфа” атайынын кызматынын аскер кызматкери каза тапкан. Мындан сырткары ошол күнү барган атайын аскер кызматкерлери октон жаракат алышкан, алардын тизмеси:

Окуяда көз жумган Үсөн Ниязбековду жүрөккө атышкан.

Ага-лейтенант Ж.У.  – ок жеп, көзү агып калган;

Майор М.Б. – сол далысына ок жеген;

Лейтенант И.Б. – төшүнө ок жеп жабыркаган;

Подполковник В.А – ичине ок тийген;

Подполковник С.С. – далысынын астына ок тийген.

Булар  мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан чыгарылган октордон жабыркашы мүмкүн дегенди УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып 26-августка чейин камакка алынган. Ал эми бүгүнкү маалымат жыйынында Атамбаевге бир нече оор беренелер боюнча кылымшы иштери козголгондугу тууралуу айтылды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *