Кой-Таштагы кагылышууга Токмок, Кара-Балта шаарларынын депутаттары да катышканбы?

Мезгил

7-8-9-август күндөрүндөгү Кой-Таш окуясы жана Бишкектеги башаламандык боюнча Кара-Балта, Токмок шаардык кеңештеринин айрым депутаттары да суракка чакырылып жатат. Бул туурасында  informator.kg ИИМдеги өздүк булактарына таянуу менен билдирген.

Ошондой эле башаламдыкка катыштыгы бар Кара-Балта, Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен сүйлөшүү жүргүзүшүп, Кара-Балта, Токмок шаарынын тургундарын, өзгөчө аялдарды жана жаш балдарды Кой-Ташка алып барышкан. Ал эми акчага жалданган адамдар ал күнү Ак үйдү басып алууну көздөшкөн. Бул туурасындар алар суракта айтып беришкен.

Белгилей кетсек, тергөөнүн жүрүшү менен шаардык депутаттар менен сүйлөшүүгө барган ЖК депуаттары да суракка чакырылыш мүмкүн.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *