Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

   Мезгил

Кой-Таштагы окуялар боюнча бир нече статья менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы  прокуратура билдирет.

 Маалым болгондой, сотко чейинки териштирүү ишинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталды. Ал буга чейин үч жолу күбө катары сурак берүүгө чакырылган. Бирок келбегенине байланыштуу мажбурлоо менен алып кетүү чечими чыккан.

 Кечээ Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө анын жактоочулары куралданган каршылык көрсөтүп, курман болгондор жана жабыркагандар болду.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура массалык башаламандыктарды уюштуруу, бейбаштык, адам өлтүрүү, адам өмүрүнө кол салуу жана адамды туткунга алуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

 Эске салсак, Кой-Таштагы жактоочулар 6 жоокерди кое бере элек.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *