Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду

  Мезгил

7-8-августсттагы  Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү.  Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, тиешелүү чечимге   Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буйрукка 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 3218-VI «2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.

Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.

Комиссиянын курамына ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер кирди.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *