Кокус Максат Сабиров камалса, Ак-Суу эли түп көтөрүлөбү?

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировго таандык делген жердешчилик маанайды козгогон үн интернет айдыңына жарыяланганы коомчулуктун кызуу талкуусуна, айрыкча трайбалисттердин талкуу чордонуна айланууда. Аудиодогу үн канчалык деңгээлде Сабировдун оозунан чыгып, канчалык деңгээлде монтаждалганын аныктоо УКМКнын иши деңизчи? Ал жагына тергөө органдары адилеттүү баасын беришер.

Кызыгы, эгер тергөөдөн “кылт эткен” калпыстык кетип, адилетсиз жагдайда Макеге чалма ыргытылса Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун эли түп көтөрүлө кулунун коргоп чыгууга белсенишкени, бул жагынан кызыкты көрсөтүшүп, кыл чайнашка камынып жаткандары каңкуланууда. Бүгүнкү бийликке сын күчөп, нааразычылык баштан ашып турганда кулунун коргоп чыгышкан көлдүктөр “отко май тамгандай” образды туюнтушпайбы? Сабировду сак-сактагандан алыспыз, болгону, ага байланыштуу иш адилеттүү жагдайда уланса деген тилек. Азыркыдай шартта “чылпагын алабыз деп, көзүн чукуп алышпасын” да, туурабы?    

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *