Колу кан Жумагулов кайрадан жеңил-желпи жаза алды

   Мезгил

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал айтылуу крим-авторитет Чыңгыз Жумагулов боюнча 19-июнда өкүм чыгарып, жеңил-желпи жаза ыйгарды.

Судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду жазык кодексинин 43-беренеси («кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актады. Бул жагы нонсенс бекен? Ошондой эле жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («ээнбаштык») менен күнөлүү деп таап, беш жылга түрмөгө кести.

Тагыраагы, Чыңгыз Жумагулов эки берене боюнча акталып, бир берене менен беш жылга камалды

Ушул эле иш боюнча шек саналган Марсбек Тентиев жана Илияз Айдекеев жазык кодексинин 43-беренеси («кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») боюнча акталды.

Сот Тентиев менен Айдекеевди Жазык кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгү («Кылмышка кошо катышуучулар»), 138-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») жана 206-беренеси («Автотранспорт каражаттарын айдай качуу») боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жылдан абакка кести. 190 эсептик көрсөткүчтө айып салды.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектүү катары былтыр өткөн жылдын 11-апрелинде кармалып, №1 тергөө абагына камалган. Аны менен кошо дагы эки адам кармалган.

Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

Эгерде «Дөө Чыңгызга» карата райондук соттун жеңил-желпи чыккан чечимин Бишкек шаардык жана Жогорку Соттогу фемида өкүлдөрү бекемдеп беришсе бул эргул буга чейинки отурган 1 күнү 2 күнгө эсептелгендиктен эмдиги жылдардан эркиндикке чыгышы мүмкүн. Ошентип буга чейин да бир катар оор кылмыштарга айыпталып, колу чыканакка чейин канга боелгон нойон жакынкы жылдары кайрадан эркиндикке чыгуу алдында турат! Жашасын биздин «улуу-урматтуу», «гумандуу» соттор!    

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *