Коменданттык саат маалында кармалган окуучу кызга сексуалдык аракет жасаган милиция кармалды

Мезгил

 Жалал-Абад облусунда жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн иснпектору коменданттык саат маалында мектепте окуган окуучу кызды кармап, режимди бузганы үчүн камайм деп коркутуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган. Бул маалыматты ОИИБнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспектор 9-класста окуган кызды коменданттык саатты бузганы үчүн коркутуп, төшөк мамилесин сунуштаган. Кийин ал акча талап кыла баштаган. Ал 3-апрелде пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ошондой эле, кармалган инспектор эки айга убактылуу кармоо жайына камалганы белгилүү болду. «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *