Комитетте Айыл чарба министрине Эркинбек Чодуевдин талапкерлиги жактырылды

 

Мезгил

Бүгүн, 28-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында   Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна дайындоого жактырууга Эркинбек Чодуевдин талапкерлиги каралды.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунушталган талапкер тууралуу маалымат берди. Ал эми аталган министрлик кызмат ордуна сунушталган Э.Чодуев комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Суроо-жооп, талкуунун жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Э.Чодуевдин талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *