Конор ийилип салам берип. К. Макгрегор менен Д. Серроне көз караштар таймашын өткөрдү (видео)

  Мезгил

UFCнин мурдагы жеңил салмактагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор жана америкалык спортчу Дональд Серроне 18-январда беттешет.

Эки мушкер беттешер алдында биринчи жолу көз караштар таймашын өткөрдү. Анда Макрегордун Серронеге ийилип салам берип, учурашканын көрүүгө  болот. Демейде адаттан тышкаркы аракеттери менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган мушкер бул жолкуда сыпайылыгы менен айырмаланды.

Ирландиялык мушкер түз эфир төлөмдөрү жана Reebok компаниясынын демөөрчулүгүнөн тышкары 5 млн доллар алат. Ал эми Дональд Серроне болсо спорттук карьерасындагы эң чоң гонорары саналчу 2 млн долларды алат.

Белгилей кетсек, Конор Макгрегор менен Дональд Серроненин 18-январда болчу UFC 246 таймашынын билеттери бир күндө сатылган. Андан 10 миллион доллар киреше түштү.

Конор Макгрегор 2018-жылы октагонго чыгып, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдон жеңилип калган. Ал эми америкалык мушкер Дональд Серроне 2016-2019-жылдары орточо салмак менен чыгып келген. Акыркы ирет ал мекендеши Жастин Гэтжи менен беттеште утулуп калган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *