Конституциялык палата экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу мыйзамдуу деп тапты

   Мезгил

  Конституциялык палата экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу мыйзамдуу деп тапты. 

Конституциялык палата мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары берген арызды канааттандырган жок.

Алардын пикиринде, экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу мыйзамсыз, себеби буга жол берген мыйзам быйыл июнда кабыл алынып жатканда Атамбаев өлкө башчынын ыйгарым укуктарын тапшырып, “экс-президент” макамына ээ болуп калган.

Бирок Конституциялык палата Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратууну, саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салууну мыйзамдуу деп тапты.

Бир гана экс-лидерден гарантияларды тартып алуу мыйзамсыз, деп айтылат палатанын корутундусунда.

Чечим талашууга жатпайт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *