Коомдук ишмер Шайырбек Маматокторов Эдил Байсаловду Кара- Суу элинен кечирим сурашын талап кылды

     Мезгил

Коомдук ишмер Шайырбек Маматокторов өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу Эдил Байсаловду Кара- Суу элинен кечирим сурашын талап кылды. Анда текти өзгөртүүсүз беребиз.

   Эдил Байсалов! Кара-Сууга асылбагын! Кара Суудан суук тилиңди тарт!

    Сен эмне үчүн жерге асыласын? Бул берүүдө паспорт чыры боюнча сөз болушу керек эле, а сен болсо аппак карга сыяктуу, төө десе бээ деп, жалаң трайбалисттик маанайда гана сүйлөпсүн. Анын үстүнө, президент Жээнбеков жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү “террор болуп кетти!” деп мүнөздөгөнсүн. Деги сен кимсин, коррупция боюнча камалып жаткандардын адвокатысынбы? Коррупцияга каршы күрөш жүрсө да жакпайт? Күрөш жүрүп уурулар камалып баштаса, ал да жакпайт? Же жакында өзүң аралашкан фактылар боюнча да кылмыш иштери козголоорун билип калдыңбы? Эсиңдеби, сага өз кезинде да, өткөн айда 5-каналда да айттым эле. Баары бир, сепаратист кылмышкер Батыров Кадыржанга өзүн берген дипломаттык паспорт үчүн жоопко тартыласын деп. Мына ошол себептен, күн эрте кокуйлап, террор болду, токтотолу деп баштадың го сыягы.

Коррупцияга шектелген ГРСтин жетекчилеринен кечирим сурап, мамлекеттик кызматка тартуу керек деп дөөдүрөпсүн. Сенде деги логика деген барбы? А чындыгында, Атамбаев ууру, кылмышкер деп жүрүп, бир аз убакыт мурун эски адатың кармап, кайра анын ырын ырдай баштаганыңа жол болсун. Кантсе да трайбалисттик каныңа сиңген адамсын да, баары бир аягында Атамбаевдин трайбалисттик саясатын, эл жана жер бөлүү ыплас идеясына барып кошулдуң. Чындыгында, бир топ прогрессивдүү нерселерди айтасың, билимин деле анча мынчалардыкынан жогору. Бирок, ички дүйнөң тар экениңди дагы бир тастыктадың. Дагы бир ирет, сатылма экениңди далилдедиң. Мыйзамсыз байыган деп күнөө тагылган Дамир Мусакеевке тилинен чаңдан башка чыкпаган Момбеков экөөңөр тең адвокат болуп олтурдуңар. Себеби, экөөң тең кубулма, эки жүздүү Янус, эки же андан да көп түстүү хамелеон экениңер эбак маалым.

Экөөң тең күндүзү адилеттүү нерсе айтымыш болуп, кечинде Атамбаев менен экениңер сыр деле болбой калды. Эгерде Атамбаев менен Матраимовдун ортосунан мен Атамбаевди тандамакмын деп, эски жана кайрадан жаңы кожоюгуңа катуу реверанс жасап өттүң. Ошол жерден баштап, Кара Сууга асылып баштадың. Биз билебиз, азыркы учурда биздин, кыргыздын мыйзамдары өтпөй калган учурда, Кара-Суулуктар, биздин туугандарыбыз, Бишкекке кат жазбай, Москвага даттанып жатышат, Владимир Путинге. Бул деген туура эмес дейсин. Эч качан Кара-Суулук тар Путинге кайрылган эмес!

Качантан бери Кара Суу Кыргызстандын курамына кирбей калган? Кайсы убактан бери кыргыз мыйзамдары Кара сууда өтпөй калды? Эй, дөөдүр, Кара Суу Кыргызстандагы эң ири район, 400 миңден ашуун кыргызстандык жарандар жашайт. Качантан бери туугандар деп кайрылып калгансын карсуулуктарга? Кара Сууну Раим Матраимов гана башкарып жатат деп ойлойсуңбу? Матримовдор өткөргөн иш чарага 20 миң адам катышты. Алар сага эл эмеспи? Матраимовдорго дооматың болсо, өздөрүнө айт, менин элиме, туулган жериме сөз тийгизбегин! Андай эле акылдуу экенсиң, кел Кара Сууга, айт ошол калың элге оюңда эмне болсо!

Президент Жээнбековго дооматың барбы, аны да өзүнө айт! Аын да өз эли жана жери бар, сөз тийгизгенге укугуң жок! Мен бир ирет да сенин элиңе, жериңе сөз тийгизген эмесмин! А түгүл, кайсы жерден экениңди да билбейм. Билгим да келбейт. Себеби, мен сендей трайбалист эмесмин. Мен үчүн Кыргызстан бир өлкө, бир эл, бир жер! Дайыма, жеке өзүнө тиешелүү былыктарыңды бетиңе айтып келем. Же калппы?

Тез арада Кара Суу элинен кечирим сурагын!!!

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *