Коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов дүйнө салды

Мезгил

Коомдук ишмер, дипломат, элибиздин белгилүү уулу Жумагулов Ташбоо Рахманбердиевич асылган дарттын айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ташбоо Жумагулов кесипкɵй, ɵз милдетин чоң жоопкерчилик менен аткарган инсан болчу. Атуулдук ариети бийик, билимдүү интеллигент адам эле. Ушул касиеттери чанда кездешчү адамгерчилик менен айкалышып турчу. Ал бүт өмүрүн коомдук жана мамлекеттик иштерге арнап, эл үчүн ак эмгек өтөдү. Кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасады.

Эң негизги маселе баалуулукта жана позицияда. Өзүнүн жеке позициясы болуп, өзгөрбөй бир калыпта жүрүү өлкө үчүн өтө маанилүү. Ташбоо Жумагулов келечек муунга мына ушул нерсени үйрөттү. Ал дасыккан тилчи гана эмес, принципиалдуулуктун, мекенчилдиктин, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөн мээнеткечтиктин үлгүсү.

Ташбоо Рахманбердиевичтин басып өткөн жолу өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, адамдык бийик парасаты, талыкпаган эмгекчилдиги жана жупунулугу баарыбызга үлгү, сабак болот. Анын жаркын элеси кыргыз элинин, биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө адамгерчиликтүү жана мыкты адам катары кала берет.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Курманбек Осмонов,

Бекболот Талгарбеков,

Бөдөш Мамырова,

Турсунбай Бакир уулу,

Надира Нарматова,

Ахматбек Келдибеков,

Элмурза Сатыбалдиев,

Улугбек Ормонов,

Камчыбек Ташиев,

Нариман Түлеев,

Марат Кайыпов,

Жаныбек Бекназаров,

Иман Кочкорбаев,

Кубанычбек Кадыров,

Равшан Сабиров,

Медербек Сатыев

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *