Коомдук унаалар эми эс алуу күндөрү да каттайт

   Мезгил

Бүгүн, 20-августтан баштап экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн, Бишкек шаарындагы айрым чарбалык субъектилердин иши узартылып, коомдук транспорттун иштөө режими өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, шаардагы коомдук транспорттор (автобустар, троллейбустар, маршурттук таксилер) дем алыш жана майрам күндөрү дагы иштейт. Коомдук транспорттор мурдагыдай эле, 07:00дон 11:00го чейин жана 14:00дон кечки 23:00го чейин иштейт. Транспортту жууп- тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн санитардык тыныгуу саат 11:00дон 14:00го чейин.

Соода борборлору, үйлөр, комплекстер, дүкөндөр, супермаркеттер күн сайын эртең мененки 07:00дон 00:00го чейин иштешет. Парктарга, аянттарга, бульварларга барууга убактылуу чектөөлөр алынып салынып, велосипедди ижарага алуу пункттарынын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.

Ал эми тойкана, түнкү клубдар, бар, караоке-клуб, кальян, кинотеатр, интернет-клубдар азырынча жабык болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *