Коопсуз шаар: Бишкекте дагы 44 көчө кесилиште камералар пайда болот

   Мезгил

 “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабында Бишкекте дагы 44 көчө кесилиште камералар пайда болот. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

 Маалым болгондой,  2-этапта жалпысынан өлкө боюнча 306 аппараттык-программалык комплекстер пайда болот.

Алардын 44ү борбор шаарда орнотулат. Камералар Ибраимов — Фрунзе, Шопоков — Жумабек, Москва— Тоголок Молдо, Киев — Ибраимов, Киев— Абдрахманов, Жибек Жолу —Ибраимов жана башка көчө кесилиштерде иштейт.

Эске салсак, 2-этапты эмки жылы ишке ашырып башташат. Тендерди кытайлык компания уткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *