Коопсуз шаар: Бишкекте дагы тогуз кесилиште камералар ишке кирет (тизме)

  Мезгил

Бишкектеги дагы тогуз кесилиште “Коопсуз шаардын” камералары ишке кирет. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы программалык комплекстер 7-майдан тарта төмөнкү кесилиштерде иштейт:

  • Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектиси;
  • Чүй жана Манас проспектилери;
  • Чүй проспектиси менен Павлов көчөсү;
  • Жибек Жолу менен Манас проспектилери;
  • Махатма Ганди менен Боталиев көчөлөрү;
  • Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан датка көчөсү;
  • Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү;
  • Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсү;
  • Байтик баатыр жана Максим Горький көчөлөрү.

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоору  12-февралдан тарта иштей баштады.  Анын алкагында жол кырсыгы 44 пайызга азайганы айтылган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *