Коопсуз шаар:Чүй-Курманжан датка кесилишинде жол эрежеси өзгөрдү

Мезгил

Бишкектин Чүй-Курманжан датка кесилишинде жол эрежеси өзгөрдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинен чыгышты көздөй бараткан унааларга кошумча жол чырактын жашыл белгисинен кийин солго эки тилкеден бурулууга жол берилет.

Үчүнчү, төртүнчү, бешинчи тилкеден түз жана жол чырактын кошумча белгисинен кийин оңго бурулууга болот.

Ал эми светофор төрт фазалык режимде иштейт.

Белгилей кетсек, 12-февралда ишке кирген «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айдоочулар солго бурулуу үчүн кошумча тилкенин алынышынан тыгындардын пайда болуп жатканын айтып нааразы болушкан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *