“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден тарта 809 миң 550 эреже бузуу катталды

Мезгил

“Коопсуз шаар” долбоору башталгандан тарта 19-ноябрга чейин 809 миң 550 эреже бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 379 миң 464 эреже бузуу боюнча айыптар төлөндү.

Түшкөн акчанын суммасы — 456 миллион 529 миң сом. Ал эми  Бишкек менен Чүй облусунун камера орнотулган жерлеринде жол кырсыгы менен эреже бузуу учурлары азайды.

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тарта ишке кирип, протоколдор айдоочуларга 4-марттан тарта келе баштаган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *