“Коопсуз шаар”: Экинчи этабдагы камералар күз айында ишке ашырылат

Мезгил

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы күзүндө ишке ашат. Бул тууралуу мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитетинен билдиришти. 

Маалым болгондой, өлкө боюнча 306 аппараттык комплекстер орнотулат. Алардын ичинен 266сы стационардык жана 40ы кыймылдуу. Камералар Бишкекте, Оштун облустук жана райондук, ошондой эле калк көп жайгашкан аймактарына жалпы 73 жабдуу коюлат.  

Белгилей кетсек, Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастанбек Догоев буга чейин “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтый тургандыгын айткан. 

 “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын кытайлык компания ишке ашырууда. 

 Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тарта ишке кирип, протоколдор айдоочуларга 4-марттан тарта келе баштаган.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *