Коопсуз шаар: Экинчи этап боюнча камералар орнотула баштады

   Мезгил

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында камераларды орнотуу башталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой,  Алыкулов-Ахунбаев көчөлөр кесилишинде камералар орнотулду. Алар тесттик режимде жол эрежелерин бузууларын каттайт.

Эске салсак, долбоордун экинчи этабы бүткүл республиканы камтып, жалпысынан 306 аппараттык-комплекс орнотулат. Анын 266сы стационардык болсо, 40 аппарат көчмө болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *