Коопсуз шаар: Экинчи фаза бүгүн ишке кирет

Мезгил

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасына Бишкек 90 пайызга даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, шаардагы 9 көчө кесилиши жана 2 жол өтмөгү жол белгилер, жол чырактар сыяктуу инфраструктура менен камсыздалууда. Жумуштар бүгүн   аяктайт.  

Эске салсак, буга чейин мэрия аймактарды даярдоого жетишпей жатканы айтылган.

Экинчи фаза бүгүн 12-мартта ишке кирип, камералар дагы 9 көчө кесилиште пайда болот.

Азыр алар 10 жол кайчысында иштеп жатат.

Дагы 20 көчмө комплекс ар жерде көзөмөл жүргүзүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *