Коопсуз шаар: Экинчи фазадагы камералар 12-мартта ишке кирет (тизме)

Мезгил

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасы 12-мартта ишке кирет.

Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, экинчи фазада камералар дагы 10 көчө кесилишинде жана Бишкек – Чалдовар, Бишкек – Торугарт трассалары, ошондой эле Алексеевка, Вознесеновка, Панфиловка, Киргшелк, Люксембург, Красная Речка айылдарында пайда болот.

Көчөлөрдүн толук тизмеси:

  • Бөкөнбаев — Манас;
  • Чүй — Манас;
  • Чүй — Павлов;
  • Жибек Жолу — Манас;
  • Махатма Ганди — Боталиев;
  • Жибек Жолу — Курманжан датка;
  • Ахунбаев — Байтик баатыр;
  • Чүй — Абдрахманов;
  • Байтик баатыр — Горький.

Ошондой эле, Шабдан баатыр менен Ибраимов көчөлөрүндөгү көпүрөлөргө да камера коюлат.

Белгилей кетсек,  12-февралдан  баштап “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады. 

Анын алкагында Бишкектин көчө кесилиштерине жана бир катар республикалык трассаларына орнотулган видео байкоо камералары жол коопсуздугундагы 7 эреже бузууну каттайт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *