Коопсуз шаар: Тез жардам унааларынын айдоочулары айып төлөбөйт

  Мезгил

Тез жардам унааларынын айдоочулары жол эрежесин бузуулар үчүн айыптардан бошотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 4-марттан бери “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында аларга 5ке чукул учур үчүн айыптар жазылган. Учурда Тез жардам унааларынын техпаспортунун көчүрмөлөрү даярдалууда.

Алар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жөнөтүлөт.

Эске салсак, буга чейин Тез жардам станциясынын айдоочулары чакырыкка шашып бара жатканда жол кыймылынын эрежесин бузууга мажбур болгонуна, андан улам айыптар жазылып жатканына даттанышкан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *