Коранавирус: Вирустун белгилери жок өтүп жаткан 724 адам үй карантинде

   Мезгил

Бүгүн, 22-июнга карата Кыргызстанда дагы 205 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын саны 3356 адамга жетти. Бул тууралуу   эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрлин айтымында учурда Кыргызстан боюнча оорусу белгилери жок өтүп жаткан 724 адам үй карантинде болуп жатат. стационарларда 57 адам дарыланып жатат. 36 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен 11 адам жандандыруу бөлүмүндө.

Акыркы сутка ичинде 2289 изилдөө жүргүзүлдү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *