Коронавирус жуктурган бейтаптар кайсы дарылар менен дарыланууда. Министрлик жооп берди

  Мезгил

Коронавирус жуктурган бейтаптар кайсы дары-дармектер менен жана кандай дарыланары тууралуу айтылды.

Бул тууралуу бүгүн  онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. 

“Клиникалык протоколго ылайык дарылоо үчүн вируска каршы дары-дармектер сунушталган. Алар – лопинавир, ритонавир жана гидроксихлорохин. Андан тышкары, дарылоо симптоматикалык түрдө, башкача айтканда, оорунун белгилерине жараша дарылоо жүргүзүлөт. Вируска каршы дары-дармектер жетиштүү”, – деди ал.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктаргандардын саны 298ге жетти. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *