Коронавирус аныкталган жарандар менен 6 миңден ашык адам байланышта болгон

   Мезгил

Өлкө боюнча коронавирус менен жабыркап жатканы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон 6 миң 28 жаран катталды.

    Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Байланышта болду делинген жарандардын ичинде:

1-категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) – 1 миң 612;
2-категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар) – 4 миң 416.

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 9 миң 128, ал эми бир суткада жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 884тү түзөт.
Өлкө боюнча обсервацияда – 1 миң 588 жаран жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *