Коронавирус дагы 4 бейтаптын өмүрүн алды. Жалпы 66 адам

  Мезгил

COVID-19 инфекциясынан дагы 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – бир (71 жаштагы эркек киши), Ноокат аймактык ооруканасынан – бир (70 жаштагы эркек киши), Кочкор аймактык ооруканасынан – эки (69 жаштагы аял киши, 56 жаштагы эркек киши) адам илдеттин кесепетинен каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ди түзөт. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *