Коронавирус дагы бир адамдын өмүрүн алды. Ал Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасында дарыланып жаткан

   Мезгил

Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасында коронавирус жуктурган бир бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн жыйында билдирди.    

Анын айтымында, 1964-жылкы аял ооруканада дарыланып жатканына карабай каза болду.

Белгилей кетсек, 23-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3519 учур катталды. Илдеттен 2054 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 41 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *