Коронавирус илдети чыккандан бери 6365 жаран Кыргызстанга алынып келинди

  Мезгил

Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Кытайда аталган илдетке чалдыккандар чыга баштагандан тарта алгач ошол жакта окуган студенттерди Кыргызстанга алып келүү иши колго алынганын айткан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, андан соң Кореядан, Сауд Арабиясынан, Индиядан, Россиядан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн Бишкек, Ош жана Алмата шаарларындагы аба майдандары аркылуу өлкөгө кайтарылганын кошумчалады.

Өкмөт өкүлүнүн белгилешинче, дагы өлкөгө келүүнү каалаган жарандардын саны 4381. Анын ичинен Россиядан 2716, Азербайжандан 3, Беларусиядан 29, Грузиядан 11, Украинадан 15, Казакстандан 6, Араб Эмираттарынан 355, Омандан 5, Эфиопиядан 1, Индиядан 121 жана башка.

“Учурда аларды мекенине кайтаруу маселеси боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Ал эми алып келүү мүмкүн болбогон жагдайларда элчиликтер, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жарандарыбызга колдоо көрсөтүү аракети көрүлүүдө. Алсак азыркы тапта Москва шаарында 90дон ашык жараныбыз атайын хостелдерге жайгаштырылган. Ушундай эле иштер башка шаарларда да жүргүзүлүүдө” – деди Кубатбек Боронов.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *