Коронавирус күч алды. Дагы 207 адам бул илдетти жуктурду

   Мезгил

Бүгүн, 24-июнга карата Кыргызстанда дагы 207 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3726 адамга жетти. Акыркы суткада 28 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2082 адамды түздү.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 92 адам;

– Чүй облусунда 35 адам;

– Ош облусунда 28 адам;

– Ош шаарында 43 адам;

– Жалал-Абад облусунда 1 адам;

– Талас облусунда 1 адам;

– Нарын облусунда 5 адам;

– Ысык-Көл облусунда 2 адам.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *