Коронавирус күч алды. Дагы 90 адамдан коронавирус аныкталды

   Мезгил

Бүгүн, 17-июнга карата Кыргызстанда дагы 90 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2562 адамга жетти. Акыркы суткада 54 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 36 адам;

– Чүй облусунда 29 адам;

– Ош облусунда 6 адам;

– Ош шаарында 7 адам;

– Жалал-Абад облусунда 3 адам;

– Баткен облусунда 3 адам;

– Талас облусунда 6 адам.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *