Коронавирус: Өкмөт башчы мекендештерден дүрбөлөң түшпөөнү өтүндү

  Мезгил

Премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19га каршы күрөшүүдө өлкөнүн ар бир жаранынын жардамы маанилүү, – деп билдирди.  Ал мындай пикирин 

«Кооптуу вирус ар бирибиздин өмүрүбүзгө коркунуч жаратып арабызда жүрөт. Оорунун белгиси билинбей инфекцияны алып жүргөндөр өтө көбөйдү. Көбүнесе вирустун бар экенин байкабай, адам кокусунан аны жайылтуучу болуп калып жатат. Бул илдетти жугузгандардын санынын күн сайын өсүшүнө алып келүүдө. Биз дарыгерлер менен биргеликте ар бириңиздерден мүмкүн болушунча үйдө болууну өтүнгөнүбүз бекеринен эмес. Бул сиздин жана жакындарыңыздын саламаттыгы үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү. Медицина кызматкерлеринин жөнөкөй талаптарын кармануу көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала алат», – деп белгиледи Кубатбек Боронов. 

Ошону менен бирге Өкмөт башчы мекендештерден дүрбөлөң түшпөөнү өтүндү.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *