Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине 95 млн сом бөлүндү

 Мезгил

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын төрагалыгы астында Кыргызстанда   коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн физикалык жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Комиссия мүчөлөрүнө  Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын апрель айына карата медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн керектелген 229 млн 418 миң 400 сом өлчөмүндөгү билдирмесинин бетачары сунушталды.

 Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигинин оорунун очогу орун алган аймактарда ишке тартылган саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана ишке тартылган жактарга 95 млн 584 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр үчүн өтүнмөсү жактырылды.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *