Ооруган жокмун деген аялга министрден жооп: Жалган айтканы үчүн мыйзам боюнча жооп бериш керек

   Мезгил

   Кечээ, 4-апрель күнү Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 24-25 жаштагы эки жаш жигит жана Аксы аймактык ооруканасынан 45 жаштагы аял коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын билдирген. Бирок ошол эле күнү социалдык тармактарда “Аксыдагы коронавирустан айыгып чыкты деген аял менмин, бирок мен ал оору менен ооруган жокмун, дары ичкен жокмун, болгону 14 күн карантинде жатып чыктым” деген аялдын видеосу тараган.

Буга бүгүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жооп берди.

 Анын айтымында, ал аялда коронавирус болгон жана ага дары-дармек берилип ооруканада дарыланган.

   -Мындай маалыматты берээрдин алдында ойлонсоңуздар. Эгерде туура эмес маалымат берсе мыйзамдын алдында жооп берет. Бул боюнча атайын мыйзам кабыл алынган буга президент кол койгон. Кээ бир кишилер жатып алып, “мен ооруган жокмун, дарылаган жок” деп айтып жатышат эгерде оору болбосо  ал кишини алып барып жаткырып бизге кандай кызыкчылык. Ал  балким оорубагандыр, бирок денесинде вирус болгондон кийин ал чыккандан кийин айлана чөйрөгө коопту болот. Андыктан биз аларды дарылап чыгаргандан кийин “мени дарылаган жок” деп жалган маалымат айтканы акылга сыйбайт. Мыйзам боюнча жооп бериш керек-деди министр.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *