Коронавирус жана пневмония дагы 42 адамдын өмүрүн алды

   Мезгил

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония 42 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 9 учур лабораториялык жол менен тастыкталган COVID-19 вирусу, ал эми 33 учур клиникалык жана эпидемиологиялык жол менен тастыкталган вирус (пневмония).

Бишкек шаарында – 9

Ош шаарында – 2

Чүй облусунда – 3

Ош облусунда – 7

Талас облусунда – 4

Нарын облусунда – 4

Ысык-Көл облусунда – 7

Жалал-Абад облусунда – 5

Баткен облусунда – 1

Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1079 адамга жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *