Коронавирус жуккан деп шектелип обсервацияда жаткан бейтап үйүнө барып келген

Мезгил

Обсервацияда жаткан бейтап үйүнө барып келген. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча облустук штабдан билдиришти.

Анда 22-мартта Казакстандан келип, дене табы жогору болуп Нарын облустук ооруканага обсервацияда жаткан бейтап бир күнгө үйүнө барып келгендиги айтылат. Ал дарыгерлер «анализиң таза экен» деп ооруканадан чыгарган күнү аялы менен эки кичинекей баласынын жанында бир күн болгон.

Алгачкы жолу экспресс-анализ алганда таза чыккан. Ошондуктан ал 3-апрелде ооруканадан чыгарылган. Ал эми Бишкекке жиберилген экинчи анализинин жыйынтыгы келгенде бул бейтап коронавирус жугузганы аныкталган. Азыр ооруканага кайра жаткырылган. Дарыланып жатат. Эми үчүнчү анализинин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Балким анысы таза болуп калат-деп билдирет облустук штабдан

Ал эми бейтап алгачкы болуп коронавирус табылган, Пакистандан дааваттан келген киши менен бир палатага чогуу жатканын айтууда.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *