Коронавирус жуккан жаңы 25 учур катталды. Жалпы 2032

 Мезгил

Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус жуккан жаңы 25 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 32 адамга жетти.

“Сутка ичинде Бишкек шаарында – 18 жана Чүй облусунда – 7 коронавирус жуккан жаңы учур катталды”, – дейт Үсөнбаев.

Ал маалымдагандай, жаңы учурлардын экөө сырттан келген, 13ү байланышта болгондордун арасынан аныкталса, калган калган 10 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *