Коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор

   Мезгил

Коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 246 бейтап ооруканада жатып, дарыланууда.

Алардын ичинде 10 бейтаптын абалы оор. Бешөө реанимация бөлүмүндө жатат. Бирөө Ноокат аймактык ооруканасында, төртөө республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жатат. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда коронавирус аныкталгандардын саны 280ге жетти. 

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *