Коронавирус жуктурган 162 дарыгердин ичинен 45и айыкты

   Мезгил

Бүгүнкү күнгө карата 45 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө медицина кызматкерлери коронавирус жуктурган учурлардын саны 162ни түзөт. Алардын ичинен дарыгерлер – 48, орто медициналык кызматкерлер – 67, кенже медициналык кызматкерлер – 26 жана 21и – медициналык мекемелерде иштеген IT адистер, айдоочу жана башка кызматкерлер.

Ал белгилегендей, азыркы тапта 45 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *