Коронавирус жуктурган дарыгерлерге мамлекеттик бюджеттен компенсация төлөө токтотулду

   Мезгил

Казакстанда жумуш учурунда коронавирус жуктурган дарыгерлерге мамлекеттик бюджеттен компенсация төлөө токтотулду.  Бул тууралуу  саламаттык сактоо минстринин орун басары Марат Шоранов билдирди.

Анын айтымында, эгер медик жумуш учурунда ооруп калса, ага медициналык мекеме, кесиптик кошуун же акимчилик колдоо көрсөтөт.

Марат Шоранов коронавирус эпидемиясы жарыялангандан бери 12 983 медик илдет жуктуруп алганын билдирди. Аймактык комиссиялар түшкөн арыздардын 72% (9 309) канааттандырган. Бүгүнкү күнгө карата 8 863 кызматкер компенсация алды.  Ошондой эле ал 182 медик коронавирустан өлгөнүн, баарынын үй-бүлөлөрүнө кун төлөнгөнүн кошумчалады.

Буга чейин казак өкмөтү коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медициналык кызматкерлерге 212 миң теңгеден ($494) үстөк акы төлөөгө убада берген.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *