Коронавирус жуктуруп алган дарыгер: Оору аныкталганда эмне кылаарымды билбей ыйладым

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Елена Баялинова социалдык тармакка коронавирус жуктурган дарыгер менен болгон маекти жарыялады.

Анда дарыгер андан коронавирус инфекциясы аныкталганда ыза болуп ыйлаганын айтат.

«Оору аныкталганда эмне кылаарымды билбей калдым. Көптөгөн иштерим жана пландарым бар болчу, дароо эле үйдөгүлөрдү ойлондум. Тилекке каршы вирус сенин ким экениңди сурабай, тандоо укугунан ажыратып, жашооңо түзөтүү киргизет. Кийимдеримди тезирээк чогултуп, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы өзүнчө палатага жаттым», – деди дарыгер.

Ал 4 күндөн бери ооруканада жатат, абалы канааттандырарлык. Анын айтымында, бардык дарыгерлер милдетин аткарып, жакшы мамиле жасап жатышат.

«Биринчи күнү көп ыйладым, анткени ыза болдум. Кургак учук же ВИЧ жуктургандарга дайыма жасалган дискриминацияны өзүм аркылуу сездим. Бул оорунун өзүнөн да коркунучтуу. Убакытты текке кетирген жокмун, көнүгүү жасап, журнал окуп, акыркы жаңылыктар менен таанышып, телефон аркылуу үй-бүлөм менен сүйлөшүп жатам. Эч кандай ыраазычылык сөздөрдү же компенсация күткөн жокмун. Тезирээк айыгып кетүүнү гана ойлонуп жатам», – дейт дарыгер.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 430 адамдан коронавирус аныкталды, алардын ичинен 79 бейтап медицина кызматкерлери.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *