Эл өкүлдөрүнүн жаны элден таттуубу? Коронавирустан сактанган депутаттар коомчулуктун кыжырын келтирди

Мезгил

  Коронавирустан сактанып маска кийген депутаттар интернетте кызуу талкууга алынып,  коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Буга чейин депутат Алтынбек Сулайманов маска кийип түшкөн сүрөтүн жарыялап интернет колдонуучулардын сынына калган. Ал эми бүгүн депутат Исхак  Пирматов өзүнүн инстаграмдагы баракчасына маска кийип түшкөн сүрөтүн жүктөп “Челленджди кабыл алдым” деп жазган. Кабанак итти тумшуктап койгондой болуп маска кийип түшкөн эл өкүлдөрүнүн сүрөтү элдин кыжырын келтирди.  Сулаймановдун тагынган маскасынын баасы 600 сомду түзсө, ал эми Пирматовдуку  болжол менен 350 сом турат. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *