Коронавирус жуктуруп, жашырып жүргөн адамга кылмыш иши козголду

Мезгил

Ош облусунда коронавирус илдетин жуктуруп, бирок жашырып жүргөн адам аныкталды жана ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, аталган жаран илдетти жакындарына да жуктурган.

-Ал ооруганын билип туруп эч кимге айтпастан тууган-урук жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып, аларга жуктурган! Качан гана ооруу күчөп кеткенде илдет аныкталып калды. Анын кесиптештерине, досторуна да коронавирус жукканы такталды. Азыр бейтап обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат, – деди Нурдинов.

7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 228 адамдан табылды, алардын төртөө каза болду, 23ү айыгып чыкты.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Мектептер, бала бакчалар, окуу жайлары, соода борборлору, көңүл ачуу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар, транспорт, айрым ишканалар ишин токтоткон. 25-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими киргизилген.

Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *